ЖЮРИ

Хезер Рей (Heather Rae)

ХезерРей (HeatherRae) 20 жылдан ашуун продюсер болуп иштеп келет. Ал Вэраити Тен Продюсерстеги эң мыкты продюсер болуп аталган жана «Замороженная река»(“Тоңгон дарыя”) фильмин чыгарып, ал үчүн Пэджет Продюсер Эворд сыйлыгын алган. «Замороженная река» (“Тоңгон дарыя”) фильми«Сандэнс» кинофестивалында жюринин лауреаты болгон жана эки “Оскар” сыйлыгына номинацияланган. Ошондой эле эки жолу “Готэм” сыйлыгына жана жети жолу “Дух” сыйлыгына номинацияланып, анын экөөсүн алган. Рей ачылышы Санденс кинофестивалында болгон Америка Ферреранын (America Ferrera) катышуусундагы “Суша” (“Кургактык”), ачылышы Трибекте болгон Скотт Гленн жана Кайл Галлнердин (Scott Glenn and Kyle Gallner) катышуусундагы «Мэджик Вэллей»,  Алисия Сильверстоун, Винсент Д'Онофрио, Брайан Жерати жана Жон Крайер (Alicia Silverstone, Vincent D’Onofrio, Brian Geraghty and Jon Cryer) менен биргеликте ойногон Рафаэль жана Кейси Уилсон (June Raphael and Casey Wilson) (“Война невест” (“Келиндердин согушу”))  тарабынан жазылган, ачылышы Санденсте болгон «Шиворот навыворот»(“Башы-аягы”) фильмдерине продюсерлик кылган. Рей жазуучу, режиссер Ли Мейерхоффтун (Leah Meyerhoff)«Я верю в Единорогов» фестивалында продюсерлик кылган. Рей “Orange is the New Black”ти жазган жана тарткан, жазуучу Сиан Хедер (Sian Heder) менен биргеликте “Таллулада” иштеген. Санденс кинофестивалындагы “Таттуланын” премьерасы “Нетфликс” тарабынан белгиленген.  Рей жакында эле «Черный список Оливии Милч» (“Оливия Милчтин кара тизмеси”), «Чувак» фильмдеринин сценарийин аяктады. Башкы ролдорду Люси Хейл, Остин Батлер, Алекс Вольф жана Александра Шипп (Lucy Hale, Austin Butler, Alex Wolff, and Alexandra Shipp) ойношот. Рей алты жыл бою Санденс институтундагы  Native Programге жетекчилик кылган. Санденс институтунун Камкорчулар кеңешинде отурумчулук кылган, Рокфеллер Фонду, IFP, Фильм Индепендант, Форд Фонду сыяктуу уюмдарга, Tribeca институтуна жана «Маданияттагы алгачкы америкалыктарга» кеңеш берип келген.

David+Seidler+Photo.jpg

Дэвид Сайдлер (David Seydler)

 Түп-теги Лондондук Девид ымыркай кезинде эле Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде АКШга жиберилген. Балачагында кекеч болгондуктан, ошол кездеги эскерүүлөрү “Король Говорит” (“Король сүйлөйт”) фильминин сценарийин жазууга дем берген. Бул кино 2010-жылы эң мыкты фильм үчүн Оскар сыйлыгын жеңип алган жана Девид бул фильмдин эң мыкты оригиналдуу сценарийи үчүн BAFTAнын эки сыйлыгын жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган. Фильмдин сахналык версиясы Англияда коюлуп, Вест-Эндде көрсөтүлгөн. Ошондой эле жети тилде чыгарылып, азыркы учурда ал Бродвейге сапар алды. Анын атынан жыйырмадан ашык кредит бар, анын ичине режиссер Френсис Копполанын «Такер, человек и его мечта» (“Такер, инсан жана анын кыялы”) фильми кирет. Ал Writing Achievement WGAге үч жолу номинацияланган (Онассис жеңиши, The richest man in the world). Дэвид Миланда, Римде, А.Ф.И. Лос-Анжелесте,Сандэнсте,Швейцариядагы Дримаго институтунда,Сан-Паулудагы Новас Хисториас лабоаториясында, Бразилияда жана Веллингтондогу AnimFXте, Жаңы Зеландияда лекция окуган. Ал Санта-Моника, Кетчум, Айдахо жана Жаңы Зеландиядагы Уравера тоолорунда жашайт.

 

 

Carlo+Siliotto+Photo.jpg

Карло Силиотто ( Carlo Siliotto)

Карло театр оюндарынан баштап документалдык фильмдер, телесериалдарга чейин жүздөгөн долбоорлорго музыка жазган. Анын заманбап мелодияларды Италиянын кинематографиясынын мелодиялуу салттары менен шайкештире алуу жөндөмү Патриция Ригген, Эугенио Дербез, Джонатан Хенсли, Роберт Марковиц, Рики Тоньяцци, Карлос Саура-Медрано, Клайв Доннер, Сергей Бодров, Иван Пассер, Джозеф Сарджент, Роджер Янг, Ули Эдель, Серхио Санчес Суарес, Роберт Аллан Акерманн, Карло Карлей, Маурицио Ничетти (Patricia Riggen, Eugenio Derbez, Jonathan Hensleigh, Robert Markowitz, Ricky Tognazzi, Carlos Saura-Medrano, Clive Donner, Sergev Bodrov, Ivan Passer, Joseph Sargent, Roger Young, Uli Edel, Sergio Sanchez Suarez, Robert Allan Ackermann, Carlo Carlei, Maurizio Nichetti) жана башка көптөгөн абройлуу режиссерлер менен иштешүүсүнө шарт түздү.

 

Ирам Парвин Билал (Iram Parveen Bilal)

Нигерияда жана Пакистанда тарбияланган, билими боюнча физик Ирам Парвин Билал (Iram Parveen Bilal) кинооператор болуп калган. Ал жакында эле өзүнүн «ВЫМИРАНИЕ» (“ӨЛҮП ЖОК БОЛУУ”) аттуу алтынчы фильмин аяктады. Бул алдыдагы караңгы келечектин, Дональд Трамптын “мусулмандардын иммиграциясына тыюу салуусунун” чындыкка айланышы тууралуу фильм.  Анын «THE PHD ФИЛЬМ: БҮТҮРҮҮЧҮ» аттуу экинчи көркөм фильми 7 миллионго + кийинки PhD комикстерге адаптацияланган. Ал көптөгөн жаатта театрдык ийгиликтергее ээ номинант болуп саналат. Анын биринчи долбоору «ЖОШ», (2012-жыл) деп аталат. Анын исламофобия жана бий жөнүндө «Запрещенные шаги» (“Тыюу салынган кадамдар”) деп аталган кийинки көркөм долбоору - тартуулары 2017-жылы Чикаго шаарына пландаштырылган,көз карандасыз жазуучунун/режиссердун долбоору болуп саналат. Ал «Ворлд Продакшнс» үчүн өзүнүн «ПЕРВОПРОХОДЦЫ» (“Алгачкылар”)сериалын иштеп чыгууда. Бул фильм Елизавета ханышанын Бириккен мамлекеттерди эмгекке болгон алаңгазар чакырыгына жооп катары 1950-жылдары Түштүк Азиядан Улуу Британияга болгон массалык миграция тууралуу баяндайт. Ирам Голливуддагы аялдардын өкүлчүлүгүн өзгөртүүгө умтулган коалициясы болуп саналган iWe үчүн комитеттин негизги мүчөлөрүнүн бири жана Американын жазуучулар гильдиясындагы азия-америкалык жазуучулар комитетинин тең төрагасы болуп саналат. Ал коомдук кызматтардын уюмунун кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Калтек Билал Оскардын Пакистандагы комитетинин демилгечиси болгон жана сценаристтер үчүн Пакистандагы биринчи кесиптик лаботориянын негиздөөчүсү болуп саналат.

Хаким Ка-Казим (Hakeem Kae-Kazim)

  Хаким Ка-Казим (Hakeem Kae-Kazim) - таланттуу актер “Оскар” сыйлыгына номинацияланган “Отель Руанда” (“Руанда мейманканасы”) фильминдеги Жорж Рутугунданы эң мыкты аткарганы менен дүйнөгө таанымал болду. Бул роль аны «Библиотекарь 2» ТНТ (“Китепканачы 2”ТНТ) фильминдеги башкы ролду аткаруусуна мүмкүнчүлүк берди. Хакимдин эң мыкты аткарган фильмдеринин тизмесине «Пираты Карибского моря» III (Кариб деңизинин каракчылары” III), Лост, Жими Смит менен Кейн, “Закон и Порядок” (“Мыйзам жана тартип”), Маришка Харгита менен SVU, Сэм Нил менен “Треугольник” (“Үч бурчтук”), Габриэль Анвар менен “Библиотекарь” (“Китепканачы”), Хью Жекман менен “Люди Икс: Росомаха” (“Х адамдар: Булгун”), Мила Йовович менен “4-вид” (“4-түр”) жана  Билли Зейн менен “Дарфур” (“Дарфур”) фильмдерин атаса болот. (Jimmy Smits, Mariska Hargitay, Sam Neill, Gabrielle Anwar, Hugh Jackman, Milla Jovovich, Billy Zane).Хаким дайыма аткарган полковник Дубаканын ролу, «Сезон 7» 24 жана “Выкуп” (“Куткаруу үчүн сатып алуу”) приквелиндеги укмуштуудай аткаруусу менен аудиторияны таңгалдырып, алкышына татыды. Хаким “Блек новембеде” Микки Рурк жана Ким Бессинджер (Mickey Rourke and Kim Basinger) менен тартылып, продюсерлик кылган, ошондой эле Абуджада премия алган “Жердеги адам жана акыркы учуу” фильмине да тартылып, продюсерлик кылган. Хаким Хьюмен Таргет, Криминал Майндс, NAVY NCIS, Закон и Порядок (“Мыйзам жана тартип”), Коберт Эффейрс, Страйк бэк жана Готам сыяктуу көптөгөн ачылыш көрсөтүүлөрүн камтыган телкөрсөтүүдөгү иши менен элдин сүймөнчүгүнө айланган. Ал үчүнчү сезону жакын арада чыкчу Майкл Бейдин “Блек Сейлз” аттуу абдан кызыктуу сериясында Скот мырзанын ролун ойнойт. Жакын арада Хакимдин «Половина желтого солнца» (“Күндүн жарымы”)  жана «Возможен дождь» (“Жамгыр жаашы мүмкүн”) аттуу акыркы фильмдери чыкты жана NBC Доминиондогу Пайгамбардын ролунда тартылды. Азыркы учура бардыгынын сүймөнчүгүнө татыган бул актер көпкө күттүргөн “Руутс” аттуу жаңы кичи сериалында Самсон деген аттагы башкы ролду ойноону пландап жатат.

 

Ули Эдель (Uli Edel)

Режиссер Ули Эдель (Uli Edel) классикага айланган т.а. Девид Боу тартылган Кристиане Ф., жана Женнифер Жейсон Ли тартылган “Last exit to Brooklyn” (“Бруклиндеге акыркы чыгыш”)(classics Christiane F. with David Bowie and Last Exit to Brooklyn with Jennifer Jason Leigh) аттуу эки культтук фильминин аркасында өзүнүн Америкадагы дебюту менен белгилүү болду. Ал бир убакта Америкада жана Германияда фильмдерге режиссерлук кылуу менен эки өлкөнүн тең телеберүүлөрүндө иштейт, анын ичине Твин Пикс, Хомисайд жана Озду, ошондой эле сыйлыктарга татыган,Анжелика Хьюстон (Anjelica Huston and Joan Allen) жана Жоан Аллен тартылган “Mists of Avalon” (“Эйвелондун туманы”),Кристофером Уокен жана Ричард Харрис (Christopher Walken and Richard Harris) тартылган Жулиус Цезарь минисериалдарын, америка телеберүүсүндө абдан ийгилүктүү болуп, кабелдик фильмге айланган жана Сэм Шепард тартылган “Чистилище” (“Арылтуучу”) телевизиондук фильмин кошсо болот.Улинин көптөгөн иштери үчүн көп номинациялары жана сыйлыктары бар, анын ичине он жылдыктын ичинде Германиядагы рейтинги эң жогорку минисериалга, ал эми 2013-жылы Шанхай кинофестивалында эң мыкты мини сериалга айланган Дас Адлон – Айне Фамилинзаге кирет. Улинин 1970-жылдардагы Германияны каптаган ички терроризм тууралуу “Баадер Майнхоф Комплекс” хроникасы 2009-жылы чет тилиндеги эң мыкты фильм үчүн Оскар сыйлыгына номинацияланган. Анын Адриан Броуди (Adrian Brody) тартылган “Маленький Гудини” (“Кичинекей Гудини”) фильми мурунку жылкы “Эммиде” 7 номинацияга ээ болуп, анын ичине мыкты директор номинациясы да кирген.

 

Йинг Йе (Ying Ye)

Йинг Йе (Ying Ye) Азия кинолорун көрсөткөн, indie filmдин каалаган азиянын киносу болбогон фильмдердин эң чоң китепканасына ээ «Арклайт Фильмстин» (Arclight Films) атайын бөлүнүшү «Ислайт Фильмстин» (Eastlight Films) директору болуп саналат.Easternlightтын баннери алдында сатылган фильмдерге башкы ролдорду Жеки Чан жана Жет Ли ойногон “Запретное царство” (“Тыюу салынган хандык”); башкы ролду Донни Йен ойногон “14 лезвий” “14 миз”; “Жертва” (“Курмандык”); Кытайда гана 30 миллион доллар топтогон “Цунами 3Д” фильмдери кирет. Йинг Йе Азиянын кээ бир зор фильмдерин, анын ичинде «Три королевства» (“Үч падышалык”) (Ролдордо: Энди Лау, Мэгги К (Andy Lau, Maggie Q)); «Будущее Икс-Копс» («Келечектеги Икс-Копс») (Башкы ролдордо: Энди Лау, Фэн Бинг Бинг (Andy Lau, Fan Bing Bing)); «Пропавший мастер клинка» (“Миз куралынын жоголуп кеткен чебери”) (башкы ролдордо: Донни Янь, Цзян Вэнь (Donnie Yan, Jiang Wen)) фильмдерин жана  «Четыре» (“Төртөө”) үчилтигин (режиссер Гордон Чан (Gordon Chan)) сатып алууда жана чет өлкөгө сатууда чоң роль ойногон. Йинг Йе (Ying Ye) продюсерлик кылууга жана анын акыркы ролдорунун биринен аткаруучуларды оюнга коюуга активдүү катышат. Ал Ли Бинг Бинг жана Келлан Лутц (Li Bing Bing and Kellan Lutz) тартылып жаткан, чоң бюджетке ээ окуялуу “Гнездо” (“Уя”) фильминин продюсери, ошондой эле Түндүк Америкага «Вайнстайн» Weinstein компаниясы тарабынан жайылтылып жаткан, башкы ролдорду Дев Пател жана Арми Хаммер (Dev Patel and Armie Hammer) ойногон,«Арклайт Фильмстин» (Arclight Films) “Отель Мумбай” (“Мумбай отели”) блокбастеринин аткаруучу продюсери болуп саналат. Буга чейин Йинг Йе Николс Кейджден баштап Хейден Кристенсенге чейин тартылган “Изгой” (“Эл безер”) сериалынын продюсери, ошондой эле башкы ролду Жон Кьюсак (John Cusack) ойногон “Возврат” (“Кайтаруу”) фильминин жана башкы ролду Сэм Уортингтон (Sam Worthington) ойногон австралиянын мега-хити “Бумажные самолетики” (Кагаздан жасалган кичине учактар) фильминин аткаруучу продюсери болгон.

 

 

IMG_0604.jpg

Двэйн Карнелиус (Dwayne Cornelius)

Беделдүү продюсер, инженер жана музыкант Дауни Карнелиус (Dwayne Cornelius) музыка индустриясында 15 жылдан бери иштеп келет жана музыка бизнесинде 35 жылдык стажга ээ. Ал 1988- жылы «DCat Музик Паблишингди» негиздеп, музыка жаратуу менен Натали Коул, Джорж Клинтон, Снуп Догг (Natalie Cole, George Clinton, Snoop Dogg) сыяктуу легендарлуу артисттер менен иштеген. Ошондой эле Жексон жана Жерлер, Шамал жана От үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү менен иштеген. DCat Music Network компаниясы башка чоң продюсерлерди жана музыканттарды көрсөтүп, музыкалык маркетингинде жана дистрибуцияда чечимдерди сунуштоону улантып келет.

 

Амин Маталька (Amin Matalqa)

Амин Маталька (Amin Matalqa)Иорданияда төрөлүп, Огайодо чоңойгон жазуучу жана режиссер. Анын көркөм фильмдеринин катарына Санданс Иорданиянын Оскар сыйлыгынын жеңүүчүсү, Капитан Абу Рейд; Воулт Дисней Студиостун Зе Юнайтид футбол драмасы, Достоевскийдин “Ак түндөр” чыгармасына негизделген «Странно в любви» (“Сүйүүгө келгенде кызык экен”) аттуу романтикалык комедиясы, Стан Катичтин (“Замок” (“Ак сарай”)) катышуусундагы “Рандеву” (“Жолугушуу”)аттуу романтикалык фильми кирет.  Амин Лос-Анджелесте жашайт жана Америка кинематография институтунун режиссура искусствосунун магистрдик даражасына ээ. Мындан ары: анын кыска аңгемелер китеби: “Герои и идиоты” (“Баатырлар жана макоолор”).Теги Лондондук Девид ымыркай кезинде эле Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда АКШга жиберилген. Бул анын кекеч болуп калышына алып келген, кийин бул анын “Король Говорит” (“Король сүйлөйт”) фильмин жаратууга дем берген. Фильм 2010-жылы эң мыкты фильм үчүн Оскар сыйлыгын жеңип алган жана эң мыкты оригиналдуу сценарийи үчүн Девид BAFTAнын эки сыйлыгы жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган. Фильмдин сахналык версиясы Англияда коюлуп, Вест-Эндде көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал жети тилде чыгарылып, азыркы учурда Бродвейге сапар алды. Атында жыйырмадан ашык кредити бар, анын ичине режиссер Френсис Копполанын «Такер, человек и его мечта» (“Такер, инсан жана аны кыялы”) фильми кирет. Ал Writing Achievement WGAге үч жолу номинацияланган (Онассис жеңиши, The richest man in the world (Дүйнөдөгү эң бай адам)).Дэвид Миланда, Римде, А.Ф.И. Лос-Анджелесте, Сандэнсте, Швейцариядагы Дримаго инстиутунда, Сан-Паулудагы Новас Хисториас лабораториясында, Бразилияда жана Веллингтондогу AnimFXте,  Жаңы Зеландияда лекция окуган. Ал Санта-Моника, Кетчум, Айдахо жана Жаңы Зеландиядагы Уравера тоолорундажашайт.

 

Maria+Shantanova+Photo+1-1.jpg

Мария Шантанова (Mariya Shantanova)

СССРдин, Бурятия Республикасындагы Улан-Удэде төрөлгөн. Ал орусиялык модель, актриса жана жеке ишкер. Анын актерлук карьерасы кокусунан эле башталган. Аны Бейжиндин ресторандарынын биринен таланттардын агенти издеп таап, мода бизнесинде өзүн сынап көрүүнү сунуштаган. Бул анын жашоосундагы жана карьерасындагы чоң бурулуш болгон. Мария өзүнүн биринчи контрагын Nestle (Бейжин) менен түзгөн жана Nescafe Goldдун (2007-2009-жж) Кытайдагы, Гонкогдогу, Макаодогу жана Тайвандагы жүзү болуп калган. Ушундай жылдыздык дебюттан кийин ал Элит Модел Менеджмент (Elite Model Management) эл аралык уюмунун гонконгдогу бөлүмү тарабынан байкалган. 2008-жылы МарияElite Hong Kong менен контрактка кол койгон. 2011-жылы Мария Сингапурдагы эң башкы моделдик агенттиктердин бири болуп саналган Дива Модел Менеджмент (Diva Model Management) менен контрактка кол койгон. Мекениндеги коомчулук жана ММК ага өтө көңүл буруу менен көз салып турган.2012-жылы белгилүү орусиялык кинорежиссер, сүрөтчү-коюучу Сольбан Лыгденов жана «MonUla Films» компаниясы Марияга жаштар драмасында башкы ролдордун биринде өзүн сынап көрүүнүн сунуштаган. Ал актерлук чеберчилик курсунан өтүүнү чечкен жана актерлук чеберчиликке “Чыгыш-Сибирь маданият мамлекеттик институтунун” окутуучулары үйрөткөн.  2014-жылы адамдын антропологиясына жана анын тарыхтагы, маданияттагы ролуна арналган белгилүү онлайн-журнал Бурятия Республикасындагы эң сулуу айымдардын рейтинги тууралуу макала жарыялап, анда Мария Шантанова биринчи орунда турган.Ошол эле жылы Орусиянын ар кандай медиа басмалары Орусиядагы ар кыл элдердин эң сулуу өкүлдөрүнүн рейтинг макаласын чыгарган жана анда Мария Бурятия өкүлү катары эң сулуу айым болуп табылган.