АЗИЯ КИНОЛОРУНУН ДҮЙНӨСҮНӨ ЖОЛ КӨРСӨТКҮЧ

 

Эларалык Азия кинофестивалы (ЭАКФ) Азия чөлкөмүндөгү кинематографиянын дөөлөтүнө олуттуу көңүл бурдуруу жана азия менен голливуд киноиндустриясынын ортосундагы байланышты чыңдоо максатында Лос-Анджелесте азия кинолорунун кеңири спектриндеги эң мыкты фильмдерди сунуштайт. Фестиваль маданияттар аралык кызматташтыктын алкагында биригүү менен 50дөн  ашык Азия өлкөлөрүнүн фильмдерин камтыйт: Түркиядан Жапония, Орусия, Индия жана Жакынкы Чыгышка чейин. Фестивалга катышкан фильмдердин бардыгы Кинематография академиясынын мүчөлөрү, Чет өлкөлүк басма сөздүн голливуд ассоциациясы жана башка киноиндустриянын гильдиялары тарабынан дагы кыйла кеңири экспозиция үчүн демонстрациялануу, ММКанын көңүл буруусуна жана сыйлыктар үчүн олуттуу талапкер катары каралуу сыяктуу уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушат.ЭАКФ АКШ “Айтыш” алдындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. 

ЭАКФ Азия өлкөлөрүнөн расмий түрдө Оскар жана Алтын Глобус сыйлыктарына көрсөтүлгөн фильмдерди катышууга чакырат жана маанилүү дүйнөлүк кинофестивалдарда өзүн көрсөтө алган азия фильмдерин көрсөтөт. 

 

Азия чөлкөмү, Катуушучу өлкөлөр:

 

 

       

Ардактуу жана  консультациялык кенештин мучөлөру

(көбүрөөк маалымат алуу)

Cтивен Сигал, америкалык киноактер, продюсер жана режиссер

 

Владимр Меньшов, орусиялык кинорежиссер, “Москва слезам не верит” (“Москва көз жашына ишенбейт") аттуу фильми үчүн алган Оскар сыйлыгынын ээси.

Дэвид Сайдлер, сценарист,  "Король Говорит" (“Король сүйлөйт”) фильми үчүн алган Оскар сыйлыгынын ээси

Андре Морган, америкалык кинопродюсер, "Малышка на Миллион"(“Менин баа жеткис кызым”) фильми үчүн Оскар сыйлыгын алган.

 

 

 Имран Хан,  индиялык актёр. Эң мыкты дебюттук эркектин ролу үчүн алган Filmfare Award сыйлыгынын ээси.

Амра Балжинням, "Марко Поло" сериалы аркылуу таанылган монголиялык киноактер.

 

 ФЕСТИВАЛДЫН ШЕРИКТЕШТЕРИ

(көбүрөөк маалымат алуу)

 

ЭАКФ - 2016 ЭЛ АРАЛЫК ЖЮРИЛЕР ТОБУ

 

(көбүрөөк маалымат алуу)

 

2016 ФЕСТИВАЛДЫН ПРОГРАММАСЫ 

(көбүрөөк маалымат алуу)

 
 

ЭКИНЧИ АР ЖЫЛКЫ ЭЛ АРАЛЫК АЗИЯ КИНОФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

halkawt.jpg

8 күндүк фестивалда 40тан ашык көркөм фильм, анын ичинде чет тилиндеги эң мыкты фильм категориясындагы Оскар сыйлыгына 20 талапкер жана ушул эле категориядагы Алтын Глобус үчүн 10 фильм көрсөтүлдү. Фестиваль Эксперттик форумдун алкагында 5 окутуучу панелди өткөрдү, анда көңүл ачуу индустриясынын алдыңкы өкүлдөрү модератор жана серепчи катары чыгышты. Үчүнчү ар жылкы дүйнөлүк азия кинофестивалы 2017-жылдын 25-октябрынан 2-ноябрына чейин белгиленген.

Сыйлыктар курамына продюсер Хезер Рей (Heather Rae), режиссер Амин Маталка (Amin Matalqa) («Рандеву» (“Жолугушуу”)), композитор, «Алтын глобуска» номинацияланган Карло Силиотто (Carlo Siliotto), Оскар сыйлыгынын ээси, сценарист Дэвид Сайдлер (David Seidler) //«Корль Говорит» («Король сүйлөйт»), музыкант DCAT, актер Хаким Кае-Казим (Hakeem Kae-Kazim) , продюсер / режиссер Ирам Парвин Билал (Parveen Bilal), модель /актриса Мария Шантанова (Maria Shantanova), Эмминин номинанты, режиссер-постановщик Ули Эдель (Uli Edel) /«Последний выход в Бруклин» (“Бруклиндеги акыркы чыгыш”) жана АркЛайт Филмстин аткаруучу директору (ArcLight Films) Йинг Йе (Ying Ye) кирген ЭАКФтин жюрилер мүчөсү тарабынан тапшырылды.

 

(көбүрөөк маалымат алуу)

 

 

ЭКСПЕРТТИК ПАНЕЛЬ

 

ПОЛ ВАГНЕРдин (Том Круздун продюсери), WANDA GROUPтун өкүлдөрүнүн, АЛТЫН ГЛОБУСтун мүчөлөрүнүн жана топ публицисттердин катышуусундагы салттык эксперттердик панели

 

        Эксперттик панелдин темалары:

  • ФИЛЬМДЕРДИ КАРЖЫЛОО
  •  БИРГЕЛИКТЕ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК
  • ПР жана МАРКЕТИНГ
  • ЧЕТ ТИЛИНДЕГИ ФИЛЬМДЕР:САТУУ ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ

        (көбүрөөк маалымат алуу)