ФЕСТИВАЛДЫН КОМАНДАСЫ  

 

 

САДЫК ШЕР-НИЯЗ, ТҮЗҮҮЧҮ  ЖАНА ТӨРАГА

Садык Шер-Нияз (Sadyk Sher-Niyaz) – өзүнүн ой-кыялдарын турмушка ашыруу үчүн 38 жашында Москва шаарындагы киномектепте билим алган, ийгилүктүү коомдук ишмер, продюсер жана режиссер. Ал Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болгон, курамына “Айтыш фильм” жана “Калемгер” адабият клубу кирген “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы, ошондой эле “Ак-Илбирс” киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ал 2011-жылы ар жылдын декабрында борбор шаарыбыз Бишкекте өткөзүлүп турчу «Кыргызстан-кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү» аттуу эл аралык кинофестивалды негиздеген. Анын “Курманжан Датка-Тоолордун канышасы” аттуу режиссердук дебюттук фильми 2015-жылы Кыргызстандан расмий түрдө Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн жана сынчылар тарабынан таанылып, аудиториянын жогорку баасына татыган. Бул фильм сыйлыктарга татып, киносыйлыктардын мезгилдик өнөктөштүгү учурунда кызыл килемде көрсөтүү үчүн сунушталган 83 чет өлкөлүк фильмдердин ичинен 12-орунду ээлеген.Бул иш-чаранын алып баруучусу Шерон Стоун болгон. Фильм Палм Спрингте өткөн эл аралык кинофестивалда да көрсөтүлгөн.

 

 

ЖОРДЖ С Н. ЧАМЧУМ, (GEORGES N. CHAMCHOUM) АТКАРУУЧУ ЖАНА ПРОГРАММАЛЫК ДИРЕКТОР

Жордж – ата-теги боюнча Ливандык, Нигерияда төрөлгөн режиссер. Ал Эмми сыйлыгынын ээси жана көптөгөн кинофестивалдардын жеңүүчүсү болуп саналат. Ал киноиндустрияга Париждеги Француз киносунун консерваториясын аяктагандан соң 1968-жылы келген. Жордж Европада, Африкада, Жакынкы Чыгышта, Канадада жана АКШда 35тен ашуун фильм тартып, аларга режиссерлук кылган. Алардын көпчүлүгү ар кандай эл аралык кинофестивалдарда жана университеттерде көрсөтүлгөн. Ал 1982-жылдан тартып көп сандагы кинофестивалдардын уюштуруучусу, айрыкча Де пари кинофантастика жана илимий фантастика фестивалында делегат болуп, Монакада өткөн кайрымдуулук кинофестивалында аткаруучу жана программалык директордун милдетин аткарган. Азыркы мезгилде ал Эл аралык якут кинофестивалынын (Якутия, Саха республикасы) эл аралык директору жана Нотр-Дам университетиндеги (Ливан) эл аралык кинофестивалындагы эл аралык мамилелердин жетекчиси болуп саналат. Ал киноиндустриядагы таланттарды сүрөөнгө алууга жана коргоого багытталган Синерджи кинофестивалынын жана дүйнө жүзүндөгү кинофестивалдар союзунун кошо түзүүчүсү болуп саналат. Жордж 26 жылдан ашык Лос-Анджелесте жашап келет.

 

 

 

 

ЛАНИ НЕТТЕР (LANI NETTER), ӨНҮГҮҮ ЖАНА ФИЛАНТРОПИЯ ДИРЕКТОРУ  

Режиссер-документалист Лани Неттер, Калифорния штатындагы Малибуда төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Анын акыркы долбоору Холокост жөнүндө документалдуу фильм болуп саналат. Неттер активдүү филантроп гана болбостон Кызыл Крест, Тифани Серкл, Эрроу Чайлд энд Фемили Фаундейшн, Альфа Жаштар жана Альфа Түштүк Калифорния сыяктуу коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле Пеппердин университетиндеги көңүл ачуу, ММК жана маданият борборундагы кино боюнча консультациялык кеңештин активдүү мүчөсү болуп саналат.Неттер кино жаатындагы долбоорлорунан тышкары Пеппер университетиндеги Жогорку мектеп менен этика боюнча бардыгын камтыган окуу программасын иштеп чыгуу үчүн билим берүү жана психология маселелери боюнча кызматташат.Неттер Жордж Чамчум менен эки кинофестивалда кызматташкан. Ал«Жизнь Пи»(“Пинин жашоосу”) жана «Невидимая Сторона» (“Көрүнбөс жак”) аттуу фильмдери үчүн “Оскар” сыйлыгын алгандыгы менен белгилүү болгон продюсер Гил Неттер менен турмуш курган. Гил жана Лани жакында эле өндүрүшүн аяктап, 2017-жылы прокатка чыккан  “Хижина” (“Кепе”) аттуу фильмдин үстүнөн иштеп жатышат.

 

 

АСЕЛЬ ШЕРНИЯЗОВА (ASEL SHERNIYAZOVA), КОШО ТҮЗҮҮЧҮ ЖАНААТКАРУУЧУ ДИРЕКТОР

Асель Шерниязова экономика жана бизнес жаатында билимге ээ, ШКУнун маданияттар аралык алмашуу программасы боюнча Кыргызстандын өкүлү катары Кытайда эки жыл окуп келген. Кытай, орус, англис жана кыргыз тилинде сүйлөйт, ошондой эле Кытайдагы консалтинг  компаниясынын жана Кыргызстанда ачык сөз сүйлөө боюнча коммерциялык эмес уюмдун кошо түзүүчүсү болуп саналат. “Курманжан Датка – Тоолордун канышасы” фильминин продюсеринин жардамчысы болгон жана чет тилиндеги эң мыкты фильм номинациясындагы  “Оскар” жана “Алтын Глобус” сыйлыктарына көрсөтүлгөн фильмдин өнөктөштүгүнө катышкан. Фестивалдын ажырагыс бөлүгү болуу менен анын ишмердигин координациялайт, ошондой эле фильмдерди көрсөтүү программасын түзөт.

БРЕТТ САЙСОН (BRETT SYSON),  ОПЕРАЦИОНДУК ДИРЕКТОР

Брет Сайсон 20 жылдан бери Азияда иштейт. 1995-1998-жж ал Дүйнөлүк банктын жана Британ кеңешинин Кыргызстандагы долбоору боюнча топтун жетекчиси болуп иштеген. Ал Улуу Британиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон жана 1996-жылы Улуу урматтуу Уэльс ханзаадасынын Бишкекке болгон сапарын уюштурууда маанилүү роль ойногон. 2001-жылы Бретт Нью-Йорк киноакадемиясында окуп,ошондон баштап Лондон шаарындагы кинотеатрлар желесинде башкаруу жана маркетинг тобунда иштеген. Мындан соң Кыргызстандын киноиндустриясы менен кызматташа баштаган. Ал сыйлыкка татыган бир канча кыргыз фильмдерине, анын ичинде чет тилиндеги эң мыкты фильм үчүн Оскарга көрсөтүлгөн эки фильмге продюсер жана кеңешчи болгон.

Rick.jpg

РИК АМБРОС (RICK AMBROS), ИНДУСТРИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ БОЮНЧА ДИРЕКТОР

Рик Амброс эл аралык кино жана телеөндүрүшүндө, биргелешкен эл аралык киноөндүрүшүндө, Азия, Европа жана Түндүк Америкадагы бизнести жана каржылоону өнүктүрүүдө чоң тажырыйбага ээ. Ал акыркы он жыл ичинде Индиядагы, Кытайдагы жана Вьетнамдагы ыкчам түрдө өнүгүп жаткан медиа жана көңүл ачуу индустриясына көңүлүн бурду. Ал Мумбайдагы “Бенчмарк Студиос” (Benchmark Studios) медиа-продюсердик жана консалтинг фирмасынын жана Кытай менен Голливудду бириктирүүчү Лайтсорс Азия Медиа Груп (Lightsource Asia Media Group) көңүл ачуучу консалтинг тобунун шериктеши болуп саналат. Ал Жастин Линдин (Justin Lin) Перфект Сторм Энтертеймент (Perfect Storm Entertainment) жана  Жети Жылдыз (Seven Stars) кытай медиа компаниясында башкы аткаруучу директор болуп иштеген. Ал мурда Фокс, Сони, Константин Энтертейнмент жана Стар Тивинин атынан Индияда көп мезгил бою болгон.

САРА МЕЙСОН (SARAH MASON),ЖЕТЕКТӨӨЧҮ ПРОДЮСЕР

Сара Орусия, БАЭ жана Катардагы кинофестивалдарда иштеген. БАЭде ал өкмөттүк, туристтик жана көркөм чыгармачылык органдары, анын ичинде Абу-Даби-Арт, Гуггенхайм, Лувр жана Саадият-аль-Манарат маданий району үчүн өнөктөштүктөрдү өткөргөн. Сара шаардык иш-чараларды үч жыл бою өткөрүү менен Абу-Даби медиа-зонасын ишке берүүдө маанилүү роль ойногон жана Формула 1дин биринчи Гран-присинин коюусун жетектеген. Бул EMEAнын кийинки Сабре Голд Авадрс (Sabre Gold Awards) сыйлыгын өткөрүүгө өбөлгө түздү.Саранын “Арабское слияние” (“Араб биригүүсү”) (2011) документалдуу фильми Улуу Британиядагы дүйнөлүк кинематографтын эл аралык кинофестивалында номинацияланган жана  БАЭнин “Маданият патрону” сыйлыгынын лауреаты болгон. Биринчи чыныгы араб блокбастери деп эсептелген «От А до Б»(“Адан Бга чейин”), (2015) фильминин продюсери болгон. Сара Бристоль университетинин бүтүрүүчүсү.

 

ЖЕЙСОН МА (JAESON MA), ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА ЖЕТЕКЧИ

Дүйнөлүк азия таланттарын өнүктүрүүгө жана байкоого багытталган, таланттарды башкаруу жана өндүрүү менен алек болгон «Ист Вест Артистс» (ИВА) эл аралык компаниясынын кошо түзүүчүсү. ИВА Азия жана Голливуддун ортосундагы Антайтелт Энтертейнмент менен кызматташтыкта жогорку деңгээлдеги кардарлар менен иштейт. Буга чейин Жейсон АКШ, Европа, Кытай, Жапония, Түштүк Корея өлкөлөрүндөгү жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы батыштан чыгышка чейин таланттар менен иштешкен Эдвенчерс Корп жана «Плен Синин» административдик тобунун өнөктөшү болгон. Чыгыштан батышка чейинки чыгармачыл адамдар жана контентти түзүүчүлөр менен болгон байланышы терең жана кенен, мындан тышкары ММК менен байланышкан компаниялар үчүн суроо-талапка ээ стратегиялык консультант болуп саналат. Жейсон мотивация берген популярдуу чечен, автор жана таланттуу сүрөтчү болуп саналат.

 

 

Гаухар Нуртас (GIA NOORTAS), КОНСУЛДУК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА КООРДИНАТОР

Гаухар Ноортас мекени Казакстанда жана Америка Кошмо Штаттарында 15 жылдык корпоративдик башкаруу тажырыйбасына ээ. 2008-жылы Гия Лос-Анджелесте эл аралык кино долбоорлорду иштеп чыгуучу жана өндүрүүчү “Маунт Хеликс Филмс” кинокомпаниясын негиздеген. Азыркы учурда жергилүктүү жана эл аралык рынокто коммерциализациялоо үчүн Казакстанда тартылган фильмдердин өндүрүшүндө пионер болуп саналат. Ошондой эле ал ХБО Латиного сатылган «Домохозяйка» (“Үй кожойкеси”) фильмине продюссерлик кылган.

ТАКИ ХАН (TAKHEE HAN), ӨНҮКТҮРҮҮ ДИРЕКТОРУ 

Тахи Кан- АКШ жана Кореядагы 20 жылдык кино өндүрүшүнүн жана аны жайылтуунун ардагери. Ал “89 Человеческий Рынок»(“89 адам базары”), «Маюми», «Исчезнувший» (“Жоголгон”) «3 Ниндзя 1-3» (“3 ниндзя 1-3”) жана «Галгамет»(“Галгамет”) сыяктуу көркөм фильмдерине продюссерлик кылган. Ал Кореяга критикалык жана коммерциялык жактан таанылган «Любовники с Нового моста” (“Жаңы көпүрөдөгү ойноштор”), «Чунгкингский экспресс» (“Чунгкинг экспресси”), «Фехтовальщик» жана «Мастер Тай-Чи» (“Тай-чи устаты”) фильмдерин жайылткан. Ал Чунан университетиндеги Искусство жогорку мектебиндеги “Искусство жаатындагы башкаруу” адистигин аяктаган жана азыркы мезгилде Кореядагы продюсерлердин жана кинематографисттердин корей коомунун мүчөсү болуп саналат.

КРИС КРИЕСА (CHRIS KRIESA), ИНДУСТРИЯ МЕНЕН МАМИЛЕ 

Крис Ортонку Батышта тарбия алып, Парапсихология багыты боюнча магистрдик ишин аяктаган соң, сатуу боюнча тренингдерге катышып, кийин көңүл ачуу тармагы менен алектенип баштаган. 35 жыл бою актерлук чеберчилик менен алектенип, сабак өткөн жана сценарий жазган. 150 кредиттик саатка ээ болуу менен Алек Болдуин, Кэти Бейкер, Джеймс Гарнер, Том Хэнкс, Джек Лимон, Элизабет Шу жана Билли Боб Торнтон сыяктуу улуу адамдар менен сөз сүйлөп, Джон Авилдсен, Джон Авнет, Дуг Кэмпбелл, Брюс Коул, Джорж Чамчум, Дон Чэффи, Братья Коэн, Уэс Крэйвен, Ян Элиасберг, Расс Фриденберг, Филип Кауфман, Карл Райнер, Льюис Тиг, Билли Боб Торнтон и Роберт Земекис (Alec Baldwin, Kathy Baker, James Garner, Tom Hanks, Jack Lemon, Elisabeth Shue and Billy Bob Thornton, under the hand of such artful directors as John Avildsen, Jon Avnet, Doug Campbell, Bruce Caulk, Georges Chamchoum, Don Chaffey,  the Coen Brothers, Wes Craven, Jan Eliasberg, Russ Friedenberg, Philip Kaufman, Carl Reiner, Lewis Teague, Billy Bob Thornton and Robert Zemeckis) сыяктуу белгилүү режиссерлордун жетекчилиги астында иштеген.  Ал саякаттаганды жакшы көрөт, кино жана чыгыш философиясына да кызыгат. Комедия, саякат тууралуу кыска метраждуу комедия фильмдерин тарткан жана ушунун аркасы менен дүйнөнүн 55 өлкөсүнө барган.

 

ФЕСТИВАЛДЫН МЕНЕДЖМЕНТИ

Жорджес Чамчум 

Асель Шерниязова

 

ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ФИЛАНТРОПИЯ 

Лани Неттер

Лани Серфэйс

 

ПР ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР

Weissman/Markovitz Communications

Cheri Warner

Leonard Morpurgo  

 

Cоциалдык желелер

Жордж Охан

 

ОПЕРАЦИЯ ИШМЕРДИГИ

Бретт Сайсон

Крис Криеса

 

 

ДЕМӨӨРЧҮЛҮК

 

КОНСУЛДУК КЫЗМАТ ЖАНА КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШ

 

Гия Нуртас

 

КОНСУЛЬТАНТТАР

Лани Серфейс

Хайди Эш

 

 

PRINT TRAFFIC

Эльдияр Кыдыралиев

 

PHOTO/VIDEO GRAPHER

Эд Маршал